Велосипед тепкен өспүрүм веложолго кокусунан чуркап чыккан үч жашар баланы сүзүп кеткенин борбор калаанын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан (МККБ) билдиришти. Окуя кечээ кечинде Киев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишинде болгон.
Бала аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын тактап жатышат.
МККБ ата-энелерди балдарды кароосуз калтырбоого, ал эми велосипед жана самокат айдагандарды коопсуз ылдамдыкты сактоого жана кагылышуунун алдын алуу үчүн токтоого даяр болууга чакырды.