Пакистандагы жол кырсыгынан автобус менен автоцистерна өрттөнүп кетти

Пакистандагы жол кырсыгынан 10 адам каза болду. Видеодон алынган кадр
Пакистанда жүргүнчү ташыган автобус менен күйүүчү май ташыган цистернанын катышуусундагы ири кырсыктан он адам каза болду. Бул тууралуу ЖМКлар жергиликтүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга караганда, автобус Турбат шаарынан Карачи шаарына бара жаткан. Автоцистерна менен кагылышкан учурда өрт чыгып, жалын эки унааны тең заматта каптап кеткендиктен, ичиндеги адамдар салондо камалып калышкан.
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга ыкчам түрдө өзгөчө кырдаалдар кызматтары тартылды. Куткаруучулар урандылардын астынан 27 жабырлануучуну алып чыгууга үлгүрүп, алар тез арада ооруканага жеткирилди.