USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкекте автобус менен жүк ташуучу унаа кагышып, алты адам жабыркады

12:46, 25 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жүргүнчү ташуучу автобус менен жүк ташуучу унаанын катышуусундагы жол кырсыгынан алты адам, анын ичинде бир бала жабыркады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Тез жардам борборунан билдиришти.

Дарыгерлердин маалыматына караганда, «103» кызматына чакыруу саат 07:43тө түшкөн. Тез медициналык жардамдын биринчи бригадасы окуя болгон жерге саат 07:53тө жеткен.

Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан тез жардамдын беш бригадасы тартылды.

Блок YouTube

Ыкчам маалыматтар боюнча, жол кырсыгынын кесепетинен алты адам, анын ичинде бир бала жабыркаган. Ал тез жардам бригадалары келгенге чейин ооруканага жеткирилген.

Тез жардам бригадаларынын кароосунун жана медициналык жардам көрсөтүүсүнүн жыйынтыгында:

  • каш үстү жана үстүнкү эрини жарылып, жанчылган бир жабырлануучу жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жаткырылды;
  • баш мээсинен жаракат алып, башынын жумшак ткандары айрылган үч жабырлануучу Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылды;
  • бир жабырлануучу (автобустун айдоочусу, 43 жашта) сол шыйрагынын булчуңдары кысылып, оң томук муунунун жумшак ткандары жанчылган. Ага амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18