USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Испанияда эки поезддин кагылышуусунан кеминде 46 адам каза болду

16:16, 28 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Испанияда бүгүн ири темир жол кырсыгы катталды. Толедо провинциясында эки жогорку ылдамдыктагы жүргүнчү ташуучу поезд кагылышты. Кастилия — Ла-Манча аймагынын жарандык коргонуу кызматындагы булактарга таянуу менен жергиликтүү La Cerca басылмасы билдиргендей, кеминде 46 адам каза болду.

Кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:54 чамасында Урда калктуу конушуна жакын жерде, Мадрид менен Андалусия ортосундагы темир жол тилкесинде болгон. Кагылышууга «Renfe» мамлекеттик компаниясынын AVE поезди жана «Iryo» жеке ташуучусунун курамы катышкан.

арорлод.png

Алдын ала маалыматтар боюнча, поезддердин бири экинчисин аркасынан барып сүзгөн. Кагылышуунун кесепетинен бир нече вагон рельстен чыгып, алардын айрымдары оодарылып кеткен.

Окуя болгон жерде куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр, полиция жана медициналык бригадалар иштеп жатат. Жабыркагандарды эвакуациялоо үчүн санитардык вертолеттор тартылды.

Кырсыкка байланыштуу «Adif» темир жол оператору Мадрид менен Андалусия ортосундагы жогорку ылдамдыктагы поезддердин кыймылын убактылуу токтотту.

Кастилия — Ла-Манча аймагынын бийлиги өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү планын ишке киргизди. Өкмөттүн аймактык башчысы Эмилиано Гарсия-Пахе пландаштырылган иш-чараларын токтотуп, окуя болгон жерге жөнөп кетти.

Кагылышуунун себептери аныкталууда. Каза болгондордун жана жабыркагандардын саны тууралуу маалыматтар такталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18