USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Forbes рейтинги: Карьерасында 1 млрд доллардан ашык каражат тапкан 11 спортчу

07:45, 29 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Карьерасында 1 миллиард доллардан ашык киреше тапкан спортчулардын тизмесинде ондон ашык адам бар. Жалпы акчалай кирешеси 1 миллиард долларга жеткен тогуз спортчу бар, ал эми жакынкы бир жыл ичинде аларга дагы экөө кошулат.

Бул сумма спортогу кирешени (айлык акыларды жана байгелерди) жана спорттон тышкаркы кирешелерди (мисалы, жарнамалык келишимдерди) камтыйт.

Бул жылы Криштиану Роналду карьерасында 2 миллиард доллар тапкан биринчи спортчу болуп калды. Сауд Арабиясынын Профессионалдык лигасынын «Аль-Наср» клубуна 2023-жылы өткөндөн кийин, анын оюнчу катары айлык акысы болуп көрбөгөндөй жогорулаган.

1 миллиард доллардан ашык каражат тапкан 11 спортчунун тизмеси:

  • Криштиану Роналду, карьерасындагы кирешеси: 2,08 млрд доллар
  • Тайгер Вудс, карьерасындагы кирешеси: 1,97 млрд доллар
  • Лионель Месси, карьерасындагы кирешеси: 1,87 млрд доллар
  • Леброн Джеймс, карьерасындагы кирешеси: 1,68 млрд доллар
  • Фил Микельсон, карьерасындагы кирешеси: 1,13 млрд доллар
  • Роджер Федерер, карьерасындагы кирешеси: 1,11 млрд доллар
  • Флойд Мейвезер, карьерасындагы кирешеси: 1,08 млрд доллар
  • Кевин Дюрант, карьерасындагы кирешеси: 1,06 млрд доллар
  • Стефен Карри, карьерасындагы кирешеси: 1,02 млрд доллар
  • Неймар, карьерасындагы кирешеси: 960 млн доллар
  • Льюис Хэмилтон, карьерасындагы кирешеси: 940 млн доллар

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18