Forbes рейтинги: Дүйнөдөгү эң жогорку акы төлөнүүчү 10 футболчу аталды
Forbes басылмасы 2026/27-сезонундагы дүйнөнүн эң жогорку акы төлөнүүчү 10 футболчусунун рейтингин түздү.
Басылманын рейтингинде оюнчулардын клубдардан айлык акы жана башка төлөмдөр түрүндө алган кирешелери, ошондой эле спорттон тышкаркы ишмердүүлүктөн түшкөн кирешелери эске алынат.
Жаңыртылган рейтингде биринчи орунду «Аль-Насрдын» чабуулчусу Криштиану Роналду ээледи. Басылманын версиясы боюнча, оюнчу ушул сезондо түздөн-түз клубдан түрдүү төлөмдөр түрүндө 250 миллион доллар, ал эми футболдон тышкаркы ишмердүүлүгүнөн дагы 50 миллион доллар алат.
Бул тизмеде экинчи орунда — «Интер Майаминин» форварды Лионель Месси. Бул сезондо ал 145 миллион доллар алат, анын 70 миллиону — клубдан төлөнүүчү төлөмдөр, ал эми 75 миллиону — башка ишмердүүлүктөн түшкөн киреше болуп саналат.
Лидерлердин үчилтигин «Реалдын» чабуулчусу Килиан Мбаппе жыйынтыктайт — 100 миллион доллар (70+30).
Дүйнөнүн эң жогорку акы төлөнүүчү 10 футболчу:
- Криштиану Роналду («Аль-Наср») — 300 млн доллар (250 млн — клубдан түшкөн киреше, 50 млн — футболдон тышкаркы ишмердүүлүктөн)
- Лионель Месси («Интер») — 145 млн (70+75)
- Килиан Мбаппе («Реал») — 100 млн (70+30)
- Эрлинг Холанд («Манчестер Сити») — 85 млн (60+25)
- Винисиус Жуниор («Реал») — 76 млн (48+28)
- Ламин Ямаль («Барселона») — 55 млн (35+20)
- Садьо Мане («Аль-Наср») — 54 млн (50+4)
- Джуд Беллингем («Реал») — 45 млн (29+16)
- Харри Кейн («Бавария») — 42 млн (29+13)
- Мохамед Салах («Трабзонспор») — 40 млн (20+20)