USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Флойд Мэйвезер кайрадан Макгрегор менен беттешеби? Реванш тууралуу айтылды

07:45, 22 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Америкалык боксчу, беш салмак категориясы боюнча мурдагы дүйнө чемпиону Флойд Мэйвезер (50-0) UFСнин эки дивизиондогу мурдагы чемпиону, ирландиялык Конор Макгрегор (ММАда 22-7) менен экинчи беттеш тууралуу билдирди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

«Менимче, Конор Макгрегор экөөбүз кайрадан рингде кездеше алабыз. Ооба. Ал колун эмес, бутун сындырып алган. Ал эми биз бир гана кол менен мушташабыз. Мен эч кимге кек сактабайм. Баары кандай болсо, ошондой. Мен Конор Макгрегор менен чогуу жашабайм. Ал менин досум эмес, аны көрүүнүн да кереги жок. Жөн гана, ишке киришип, беттеш өткөрө турган убакыт келгенде, келигиле, муну жасайлы. Эгерде биз отуруп, иштерди талкуулашыбыз керек болсо, эгер беттешти уюштуруу үчүн кечки тамакта жолугушуу талап кылынса, биз муну кылабыз. Бирок жалпысынан мага баары бир. Мага кимдир бирөө менен дос болуунун кереги жок», — деди Мэйвезер PBD Podcast берген маегинде.

Мэйвезер менен Макгрегор 2017-жылдын 26-августунда Лас-Вегаста профессионалдык бокс эрежелери боюнча беттешкен. Америкалык мушкер онунчу раундда техникалык нокаут менен жеңишке жеткен. Ирландиялык үчүн бул беттеш профессионалдык рингдеги дебюту болсо, Мэйвезер бир дагы жолу жеңилбей, жеңиштеринин санын 50гө жеткирген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18