USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

ФИФАнын рейтинги: Кыргызстандын футбол боюнча курамасы эки баскычка көтөрүлдү

07:20, 08 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясы (ФИФА) өзүнүн расмий сайтында улуттук курама командалардын рейтингин жаңылады.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы жолдоштук беттештердеги эки жеңиштен кийин ФИФА рейтингиндеги ордун жакшыртты.

30-сентябрда Бишкекте Урмат Абдукаимовдун шакирттери Мальдив аралдарын 5:0 эсебинде женген. Бул жеңиш командага кошумча 2,77 упай алып келген.

4-октябрда кыргызстандыктар Ливанды 3:1 эсебинде жеңип, дагы 4,81 упай топтошту.

Эки жеңиштин жыйынтыгында Кыргызстан курамасында 1199,73 упай болуп, жаңыланган рейтингде 106-орундан 104-орунга көтөрүлүүгө мүмкүндүк берди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18