ФИФА мүчө-федерацияларга төлөмдөрдү 25 миллион долларга чейин көбөйтөт
ФИФА кирешелүү өткөн 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынан кийин мүчө-федерацияларга төлөнүүчү төлөмдөрдү көбөйтүүнү пландаштырып жатат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.
Маалыматка ылайык, федерация төрт жылдык мөөнөткө «футболду өнүктүрүүгө» 25 миллион доллар өлчөмүндө төлөм сунуштоону каалайт, ал эми буга чейин бул сумма 10 миллион долларды түзүшү керек болчу.
ФИФА бул төлөмдөрдү өзүнүн 3,5 миллиард долларлык финансылык резервинен жүргүзүүнү каалап жатканы жана өз чечимин «2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын болуп көрбөгөндөй коммерциялык ийгилиги» менен негиздеп жатканы белгиленет.
Булактар ошондой эле ФИФАда мындай пландар европалык федерациялар кийинки шайлоодо Джанни Инфантинону кызматтан кетире турган лидерди издеп жаткан маалда пайда болгонун көрсөтүшүүдө.
Бул чечим биротоло кабыл алына электиги, анткени ал 2026-жылдын декабрь айында федерациянын финансылык планында бекитилип, андан кийин 2027-жылдын март айында өтө турган ФИФАнын Конгрессинде бекитилиши керектиги да белгиленет.
Эскерте кетсек, Инфантино бул кызматты 2016-жылдан бери ээлеп келет, ал эми жакында эле швейцариялык функционердин жаңы мөөнөткө өз талапкерлигин коюу пландары тууралуу белгилүү болгон.