ФИФА кыргыз футболун өнүктүрүүгө 25 миллион доллар бөлүүнү пландаштырууда
Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) кыргыз футболун өнүктүрүүгө 25 миллион доллар бөлүүнү пландап жатат. ФИФА футболду каржылоону көбөйтүүнү жана кийинки төрт жылдык сезондо улуттук ассоциациялардын ар бирине 25 миллион доллардан сунуштоону көздөп жатканын AP билдирет.
Программанын жалпы көлөмү 6,35 миллиард долларды түзүшү мүмкүн экени белгиленет. Бул ФИФАга мүчө 211 ассоциациянын ар бири төрт жылда 10 миллион доллардан ала турган баштапкы планга салыштырмалуу төлөмдөрдү көбөйтүүнү карайт.
ФИФАнын башчысы Жанни Инфантино алты континенттик футбол конфедерацияларынын жетекчилерине кат жөнөттү. Оңдолгон акыркы вариант 2027-жылдын мартында өтө турган федерациянын конгрессинде каралып, бекитилиши мүмкүн.
Эл аралык футбол федерациясы ошондой эле дүйнө чемпионатынан түшкөн кирешенин бир бөлүгүн улуттук ассоциациялардагы жана конфедерациялардагы оюнду өнүктүрүүгө багыттоону көздөп жатат. 48 курама команданын катышуусунда өткөн ЖЧ-2026дагы финансылык ийгиликтен улам көбөйгөн резервдерден 3,5 миллиард доллардан ашык каражат бөлүнүшү мүмкүн.
ФИФА АКШ, Канада жана Мексикада өткөн дүйнө чемпионатын камтыган 2022–2026-жылдардагы цикл үчүн жалпы киреше болжол менен 15 миллиард долларга жетет деп күтүүдө, бул мурунку болжолдордон кыйла жогору.