Кесипкөй футболчулардын ассоциацияларынын эл аралык федерациясы(FIFPro) өткөн сезондогу дүйнөнүн эң мыкты чабуулчуларын атады.
Рейтинг дүйнө жүзү боюнча 19 806 оюнчунун арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде түзүлгөн. Натыйжада, добуш берүүдө мадриддик «Реалдын» жана Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе биринчи орунду ээледи.
Экинчи сапка «Барселонанын» жана Испания курамасынын вингери Ламин Ямаль жайгашты. Эң мыктылардын үчилтигин «Интер Майамиден» легендарлуу аргентиналык Лионель Месси жыйынтыктады.
Дүйнөнүн эң мыкты 10 чабуулчусу төмөнкүчө:
- Килиан Мбаппе («Реал» Мадрид/Франция)
- Ламин Ямаль («Барселона"/Испания)
- Лионель Месси («Интер Майами"/Аргентина)
- Эрлинг Холанд («Манчестер Сити"/Норвегия)
- Харри Кейн («Бавария"/Англия)
- Майкл Олисе («Бавария"/Франция)
- Хвича Кварацхелия (ПСЖ/Грузия)
- Криштиану Роналду («Аль-Наср"/Португалия)
- Усман Дембеле (ПСЖ/Франция)
- Рафинья («Барселона"/Бразилия)
Буга чейин кесипкөй футболчулардын ассоциацияларынын эл аралык федерациясы жылдын символикалык командасын сунуштаган, ага Кейн менен Роналду кирбей калган.