USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Дүйнө чемпионаты: Мээрим Жуманазарова күмүш медаль утту

07:39, 30 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 68 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан финалдык беттеште Кытайдын өкүлү Жиа Лонг менен кез келип, 3:4 эсебинде жеңилүү ызаасын тартты.

Ал финалга чейинки беттештерде ишенимдүү күрөш көрсөттү.

1/8 финалда Индиянын өкүлү Сришти Сриштини 5:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда америкалык Кеннеди Алексис Блэйдсти 6:3 эсебинде утту.

Жарым финалда Монголиянын балбаны Энхсайхан Делгерманы 5:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18