USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Дүйнө чемпионаты: Мээрим Жуманазарова алтын медаль үчүн күрөшөт

15:31, 29 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча финалга чыгып, алтын медаль үчүн күч сынашат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, 68 кг чейинки салмак категориясында финалдык беттешке чыккан Мээрим Жуманазарова Кытайдын балбаны Жиа Лонг менен беттешет.

Кыргызстандык балбандын финалга чейинки жолу ишенимдүү жеңиштер менен коштолду. Ал 1/8 финалда Индиянын өкүлү Сришти Сриштини 5:1 эсебинде жеңген. Чейрек финалда америкалык Кеннеди Алексис Блэйдсти 6:3 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алган.

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Монголиянын өкүлү Энхсайхан Делгерманы 5:1 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Алтын медаль үчүн финалдык беттештер бүгүн, 29-октябрда, Бишкек убактысы боюнча саат 18:30да башталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18