Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандын намысын 22 балбан коргойт
Эртең, 24-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер уюштурулат.
Мелдеште 22 спортчу Кыргызстандын намысын коргойт.
Анын ичинде:
Грек-рим күрөшү боюнча 10 балбан:
- Кутман Калбаев — 55 кг чейинки салмакта;
- Курманбек Жапаров — 60 кг чейинки салмакта;
- Афтандил Таалайбек уулу — 63 кг чейинки салмакта;
- Раззак Бейшекеев — 67 кг чейинки салмакта;
- Амантур Исмаилов — 72 кг чейинки салмакта;
- Ырыскелди Максатбек уулу — 77 кг чейинки салмакта;
- Акжол Махмудов — 82 кг чейинки салмакта;
- Азат Салидинов — 87 кг чейинки салмакта;
- Үзүр Жусупбеков — 97 кг чейинки салмакта;
- Илхам Токтаев — 130 кг чейинки салмакта.
Эркин күрөш боюнча 8 балбан:
- Абдымалик Карачов — 57 кг чейинки салмакта;
- Асан Өмүрбек уулу — 61 кг чейинки салмакта;
- Тайырбек Жумашбек уулу — 65 кг чейинки салмакта;
- Эрназар Акматалиев — 70 кг чейинки салмакта;
- Орозобек Токтомамбетов — 74 кг чейинки салмакта;
- Жакшылык Байташов — 79 кг чейинки салмакта;
- Малик Шаваев — 86 кг чейинки салмакта;
- Яков Чаплин — 92 кг чейинки салмакта.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча 4 балбан:
Гүлнур Таштанбекова — 65 кг чейинки салмакта;
Мээрим Жуманазарова — 68 кг чейинки салмакта;
Нурзат Нуртаева — 72 кг чейинки салмакта;
Айпери Медет кызы — 76 кг чейинки салмакта.