USD87.45EUR95.92RUB1.06
24.kg

Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандын атынан мас-рестлинг боюнча 15 спортчу катышат

07:45, 27 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

28-29-ноябрында Россиянын Казань шаарындагы мас-рестлинг боюнча VIII дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Дүйнө чемпионатына болжол менен 55 өлкөнүн спортчулары катышары күтүлүүдө. Кыргызстандын атынан мелдешке 15 спортчу катышып, алардын ону эркектер, бешөө кыз-келиндер арасында күч сынашат.

Кыргызстандын курама командасынын тизмеси:

Эркектер арасында:

  • Азиз Асанов — 60 кг чейин
  • Алмаз Асанкулов — 65 кг чейин
  • Азамат Асанов — 70 кг чейин
  • Бекмырза Токтошев — 75 кг чейин
  • Бакыт Роман уулу — 80 кг чейин
  • Медеткан Эсенгул уулу — 90 кг чейин
  • Улукбек Ырысбаев — 105 кг чейин
  • Келдибек Атайбек уулу — 125 кг чейин
  • Абдель Эсенгулов— 125 кг жогору
  • Эржан Акылбек уулу -125 кг жогору

Кыз-келиндер арасында:

  • Эльза Абдыкадырова — 55 кг чейин
  • Дилбара Иманканова — 65 кг чейин
  • Элдана Болотбекова — 75 кг чейин
  • Адель Маданбаева — 85 кг чейин
  • Рамина Кочконбаева -85 кг чейин

Спортчулар салмак категорияларынан тышкары абсолюттук салмак категориясында да күч сынашат.

Курама команданын башкы машыктыруучусу Марат Раматов

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18