USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандык балбандар беш медаль утту

11:07, 02 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

24-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстандын борбору Астана шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар беш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын намысын 22 спортчу коргоду.Мелдештин жыйынтыгында улуттук курама команда эки күмүш жана үч коло медаль жеңип алды.

886587951_2262017188070206_5851531205480284224_n.jpg

Грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (82 кг чейин) жана Амантур Исмаилов (72 кг чейин) коло медалдардын ээси болушту.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынды.

Эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев (70 кг чейин) күмүш медалга ээ болсо, Малик Шаваев (86 кг чейин) коло медаль жеңип алды.

Командалык эсепте Кыргызстандын курамасы грек-рим күрөшү боюнча 14-орунду, кыз-келиндер күрөшү боюнча 10-орунду жана эркин күрөш боюнча 6-орунду ээледи.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18