USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Дүйнө чемпионаты: Эрназар Акматалиев алтын үчүн күрөшөт

20:20, 30 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал жарым финалдык беттеште АКШнын өкүлү Зейн Аллен Резерфорд менен күч сынашып, атаандашын 3:2 эсебинде жеңип алды.

Чечүүчү финалдык беттеште Эрназар Акматалиев Россиялык Ибрагим Ибрагимов менен күч сынашат.

Финалдык беттештер эртең, 31-октябрда, Бишкек убактысы боюнча саат 18:30да башталат

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18