Дүйнө чемпионаты: Бүгүн кыргызстандык балбан кыздар күч сынашат
Кыргызстандык балбан кыздар Айпери Медет кызы менен Гүлнур Таштанбекова бүгүн Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында беттешке чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештин төртүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча 50, 57, 65 жана 76 килограммга чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.
65 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Гүлнур Таштанбекова биринчи айлампаны өткөрүп жиберип, мелдешти 1/8 финалдан баштайт. Анда ал америкалык самоалык Анисета Акоста менен украиналык Соломия Винниктин беттешинин жеңүүчүсү менен күрөшөт.

Ал эми 76 килограммга чейинки салмакта катышкан Айпери Медет кызы чейрек финалга чыгуу үчүн Египеттин өкүлү Самар Хамза менен беттешет.
Алдын ала беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:30да башталат.