Дүйнө чемпионаты: Амантур Исмаилов коло медаль үчүн күрөшөт
Бүгүн, 26-октябрда Астанада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов (72 кг чейин) көңүл жубатуучу беттеште жеңишке жетти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Ал медаль үчүн күрөшүүгө жолдомо берүүчү таймашында Швециянын өкүлү Хенрик Даленди 50 секунддан ашыгыраак убакыттын ичинде 9:0 эсебинде артта калтырды.
Эми ал коло медаль үчүн беттеште Орусиянын өкүлү менен күч сынашары белгилүү болду.