USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов коло байгеге ээ болду

07:30, 26 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Астанада өтүп жаткан дүйнө чемпионатында спортчу 82 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, коло медаль үчүн болгон беттеште кытайлык балбан Халишан Бахежиан менен бет келди.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов буга чейин 77 кг салмак категориясында катышып келген болсо, бул жолу 82 кг чейинки салмакта күч сынашты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18