USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Дүйнө чемпионаты -2026: Бүгүн эркин күрөш боюнча балбандар килемге чыгат

09:05, 30 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 30-октябрда, Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жетинчи күнүндө эркин күрөш боюнча мелдештер уланат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, бүгүн балбандар 61, 70, 86 жана 125 кг чейинки салмак категорияларында күч сынашат.

61 кг чейинки салмак та Өмүрбек Асан уулу мелдешти 1/16 финалдан баштайт. Анын алгачкы атаандашы Казакстандын өкүлү Асыл Айтакын болот.

70 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев биринчи айлампаны өткөрөт. Ал эми чейрек финалга чыгуу үчүн Пуэрто-Риконун өкүлү Исмаэль Аюб менен Канаданын балбаны Лахлан Макнилдин беттешинин жеңүүчүсү менен күрөшөт.

86 кг чейинки салмактп Малик Шаваев мелдешти 1/32 финалдан баштайт. Анын алгачкы атаандашы Пуэрто-Риконун өкүлү Итан Рамос болот.

Кыргызстандын курамасы 125 кг чейинки салмак категориясында катышпайт.

Алдын ала беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:30да башталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18