Дмитрий Бивол чемпиондук титулдарын Каллум Смитке каршы коргойт
Matchroom Boxing промоутердик компаниясы боксчу Дмитрий Бивол (25-1, 12 КО) менен британиялык Каллум Смиттин (31-2, 22 КО) ортосундагы беттеш өтөрүн жарыялады. Беттеш 12-декабрга пландалып, Екатеринбург шаарында өтөт.
Мелдеште Дмитрий Биволдун жарым оор салмак категориясындагы WBA, WBO жана IBF версиялары боюнча чемпиондук курлары, ошондой эле The Ring журналынын титулу ортого коюлат.
Дмитрий Бивол акыркы жолу рингге 30-майда дагы Екатеринбургда чыккан. Анда ал германиялык Михаэль Айферт (13-2, 5 КО) менен кездешип, калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңишке жеткен.

Каллум Смит болсо 2025-жылдын февраль айынан бери расмий беттештерди өткөрө элек. Акыркы урушунда британиялык спортчу өз мекендеши Джошуа Буатсини (20-1, 13 КО) калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңип алган. Беттеш Эр-Риядда өткөн.
Демек, алдыдагы беттеш Смит үчүн узак тыныгуудан кийинки рингге кайтуу, ал эми Бивол үчүн өз артыкчылыгын далилдеп, чемпиондук курларын сактап калуу мүмкүнчүлүгү болот.
Дмитрий Бивол — профессионалдык бокстун башкы жылдызы. Профессионалдык рингде 35 жаштагы спортчунун эсебинде 25 жеңиш жана 1 жеңилүү бар. Каллум Смит 36 жашта, анын куржунунда 31 жеңиш жана эки жеңилүү бар.
Дмитрий Бивол — жарым оор салмактагы дүйнөнүн үстөмдүк кылуучу чемпиону. Учурда ал WBA, WBO, IBF жана IBO титулдарына ээлик кылат.
Эскерте кетсек, буга чейин Бүткүл дүйнөлүк бокс уюму (WBO) жарым оор салмактагы аракеттеги чемпион Дмитрий Биволду убактылуу чемпион, британиялык Каллум Смит менен беттеш өткөрүүгө милдеттендирген.