Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Тизме
Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын 10 лауреаты жана 9 дипломанты аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиянын чечими менен жеңүүчүлөр 11 номинация боюнча тандалды.
- «Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты» наамына төмөнкү талапкерлер татыктуу болушту:
- «Адабият жаатындагы мыкты чыгарма» — Кубанычбеков Акбар Кубанычбекович;
- «Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма» — Шарабидин кызы Нурай;
- «Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик» — Молдояров Нуржигит Бактыбекович;
- «Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы» — Серенов Урмат Серенович;
- «Шаар куруу, архитектура жана дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор» — Бекбосун Калыйнур;
- «Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы» — Израилов Өмүрбек Израилович;
- «Кино жаатындагы мыкты жетишкендик» — Дубаев Каниет Мундусович;
- «Илим, билим берүү жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш» — Рахманов Асылбек Рахманович;
- «Экономика, бизнес жана меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик» — Туран уулу Жанузак;
- «Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик» — татыктуу лауреат аныкталган жок;
- «Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн» — Бекназаров Жакшылык Бекназарович.
Мындан тышкары, «Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты» наамы төмөнкү талапкерлерге ыйгарылды:
- «Адабият жаатындагы мыкты чыгарма» — Маматжан уулу Мелис;
- «Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма» — Куренкеева Амина Суербековна;
- «Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик» — Нурланбек уулу Сагыныч;
- «Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы» — Сыдыкалы кызы Арууке;
- «Шаар куруу, архитектура жана дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор» — Таалайбеков Улан Таалайбекович;
- «Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы» — Тынарбек уулу Ырыскелди;
- «Кино жаатындагы мыкты жетишкендик» — Дамиров Дастан Дамирович;
- «Илим, билим берүү жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш» — Карабаев Нурсултан Нурудинович;
- «Экономика, бизнес жана меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик» — татыктуу дипломант аныкталган жок;
- «Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик» — татыктуу дипломант аныкталган жок;
- «Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн» — Рысбаев Дөөлөт Шамшыбекович.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы жаштардын чыгармачылык, илимий, кесиптик жана коомдук ишмердүүлүктөгү жетишкендиктерин колдоого, таланттуу жаштарды шыктандырууга жана алардын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгилөөгө багытталган.