USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Чүй облусунда шыйрагы сынган чаарчык дарыланууга жеткирилди

10:08, 23 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Аламүдүн районундагы Арашан айылынын жогору жагында шыйрагы сынган эликтин чаарчыгы куткарылып, дарыланууга жеткирилди. Жаракат алган жаныбар тууралуу маалымат жергиликтүү тургундардан түшкөн.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге барган Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери чаарчыктын шыйрагы сынганын аныкташкан.

Андан соң жаныбар жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборуна жеткирилип, ветеринардык дарыгерлердин кароосуна өткөрүлүп берилген.

Министрлик жарандарды жапайы жаныбарларга аяр мамиле кылууга, аларды коргоо боюнча чараларды көрүүгө жана жаракат алган же жардамга муктаж жаныбарлар табылган учурда тиешелүү органдарга өз убагында кабарлоого чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18