USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Чүй облусунда аңчылык эрежелерин бузган эки жаранга айып салынды

11:17, 03 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы жарандардын аталган аймакта кыргоолдор атылып жатканы тууралуу кайрылууларынын негизинде рейд өткөрдү.

Рейддик иш-чара учурунда Төмөнкү Чүй айылынын четиндеги талаалардан аңчылык менен алектенип жүргөн эки жаран аныкталды. Алардан аңчылык кылуу үчүн зарыл болгон документтери текшерилди.

ооооооооооооооооооооооооооо.png

Текшерүүнүн жыйынтыгында жарандардын аңчылыкка мыйзамдуу уруксат кагаздары бар экени, бирок аңчылык учурунда джек-рассел породасындагы итти колдонууга тиешелүү уруксаты жок экени аныкталган.

Бул факт боюнча Укук бузуулар кодексине ылайык эки протокол түзүлдү. Жарандарга жалпысынан 25 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18