Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык «Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» Мыйзам жана Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 55 токтому менен бекитилген Аңчылык эрежелери аркылуу жөнгө салынат.
2026-жылдагы аңчылык сезону 15-августтан 13-декабрга чейин белгиленген. Ошол эле учурда, жаныбарлардын жана канаттуулардын ар бир түрүнө аңчылык кылуу мөөнөттөрү өз-өзүнчө аныкталат.
Сибирь тоо текесине, эликке, каманга, кыргоолго жана кекиликке белгиленген мөөнөттөрдү, лимиттерди сактоо менен жана тиешелүү уруксат берүүчү документтер болгондо гана аңчылык кылууга жол берилет.
Жыл сайын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга 150 башка чейин лимит каралат. Быйыл 133 баш жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин (Марко Поло аркарларын) пайдаланууга уруксат берилди.
Мыйзамдуу аңчылык үчүн мергенчилик күбөлүгү, жолдомо жана тиешелүү уруксат берүүчү документтер талап кылынат.
Жаныбарлардын айрым түрлөрүн мыйзамсыз атуу үчүн зыяндын ордун толтуруу каралган:
- ак илбирс — 2 миллион сом;
- аркар — 1,5 миллион сом;
- марал (бугу) — 1,5 миллион сом;
- күрөң аюу — 1,5 миллион сом;
- сибирь тоо текеси — 300 миң сом.