Ысык-Көлдөгү корукта 400гө чукул аркар-кулжа видеого тартылып калды
Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик жаратылыш коруктарынын биринде аркарлар менен кулжалардын табигый чөйрөдө тынч жайылып жүргөн учуру видеого тартылып калды. Корук кызматкерлеринин эсеби боюнча, кадрга түшкөн жаныбарлардын саны 400гө чукул болуп саналат.
Видеолордон аркар-кулжалардын үйүрү тоо боорунда эркин жайылып, андан соң жаныбарлар бири-биринин артынан тизилип, тоо чокусун көздөй багыт алганын көрүүгө болот.
Жапайы жаныбарлардын санынын көбөйүшү аларды коргоо жана табигый жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугунун маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мамлекеттик жаратылыш коруктары жаныбарлардын табигый жашоо чөйрөсүн сактоодо, алардын популяциясынын өсүшүнө шарт түзүүдө жана экологиялык балансты сактоодо өзгөчө роль ойной турганын белгилейт.