USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Быйыл өкөнүн суу объектилеринен 181 миң метрден ашык балык уулоочу тор алынды

12:40, 26 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан үстүбүздөгү жылдын 10 айынын ичинде өлкөнүн суу объектилерин тазалоого жана суу биоресурстарын коргоого багытталган бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.

Көрсөтүлгөн мезгил ичинде республиканын суу көлмөлөрүнөн жалпысынан 181 миң метрден ашык синтетикалык балык уулоочу тор жана 3 миң 913 килограмм таштанды чогултулуп, алынды.

Анын ичинде Ысык-Көл облусунун суу объектилеринен 116 миң 200 метр синтетикалык тор жана 2 миң 627 килограмм таштанды чыгарылды.

11111111111111111111111111111111.png

Чогултулган торлор жана калдыктар Бишкектеги таштанды өрттөөчү заводго жеткирилип, жок кылынууда.

Белгилей кетсек, суу объектилеринде калып кеткен эски синтетикалык торлор балыктарга жана башка суу жаныбарларына олуттуу коркунуч туудурат. Мындай торлорго түшүп калган суу жаныбарлары өз алдынча чыга албай, өлүм коркунучуна дуушар болушат.

Мындан тышкары, мындай торлор суу экосистемаларынын табигый тең салмактуулугуна терс таасирин тийгизет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18