USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Алай районунда сейрек кездешүүчү үкүнү куткарып, жаратылышка кое беришти

13:33, 08 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Алай районундагы Күн-Элек айылынын тургуну Коргонбай уулу Хамза үйүнүн жанынан сейрек кездешүүчү жапайы канаттууну — үкүнү таап алган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министерлигинен билдиришти.

Үй ээси жапайы жаратылышка жана канаттууларга жоопкерчиликтүү мамиле жасап, Чоң-үкүнү этияттык менен багып, бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын тиешелүү адистерине дароо кабарлаган.

Маалымат түшкөндөн кийин жерине министрликтин Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биологиялык ар түрдүүлүк бөлүмүнүн адистери барып, канаттууну кабыл алышкан.

15538617978187740801.jpg

Тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Чоң-үкүнүн денесинде сырткы таасирден болгон жаракаттар жок экени жана жалпы абалы канааттандырарлык экени аныкталган.

Адистердин корутундусуна ылайык жана тиешелүү акт түзүлгөндөн кийин Чоң-үкү кайрадан өзүнүн табигый жашоо чөйрөсүнө — жаратылышка кое-берилди.

Министрлик Коргонбай уулу Хамзага ыраазычлык билдирип, жарандардын жапайы жаныбарларга жана канаттууларга аяр мамиле жасап, аларды кармоого же зыян келтирүүгө аракет кылбастан, мындай учурларда тиешелүү адистерге өз убагында кайрылуусу маанилүү экенин белгилейт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18