«Чолпонбай» спектакли Орусиянын бир катар шаарларында көрсөтүлдү
Талас облустук музыкалык драма театры Россияда болгон гастролунун алкагында «Чолпонбай» спектаклин тартуулап жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Гастролдук сапар 1-8-ноябрь күндөрү өтүүдө. Спектакль 3-ноябрда Воронеж шаарында көрсөтүлдү. Бүгүн Нововоронежде, ал эми 7-ноябрда Лиски районунда коюлат.
Спектаклде кыргыз элинин тарыхый эс тутуму, мекенчилдиги, эрдиги жана баатырдыгы көркөм чагылдырылган. Ал көрүүчүлөргө кыргыз элинин тарыхы жана улуттук маданий мурасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет.
Гастролдук сапар кыргыз улуттук театр өнөрүн эл аралык деңгээлде таанытуу, эки өлкөнүн маданий байланыштарын бекемдөө жана театр искусствосундагы чыгармачылык кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөйт.