USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Чемпиондор лигасы: Жуманын мыкты оюнчусу расмий түрдө аталды

07:45, 23 октября 2026, Бишкек - 24.kg

«Манчестер Сити» клубунун футболчусу Фил Фоден Чемпиондор лигасында жуманын мыкты оюнчусу деп таанылды. Бул тууралуу мелдештин жалпы этабынын үчүнчү турунун жыйынтыгы боюнча добуш берүү аяктагандан кийин турнирдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул сыйлык үчүн күрөштө англиялык футболчу Нико Пас, Рио Нгумоа жана Скотт Мактоминейди артта калтырды.

Эскерте кетсек, Фоден Грециянын «АЕК» клубуна каршы өз талаасында өткөн беттеште хет-трик жасаган. Кездешүү «Манчестер Ситинин» 5:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктаган. Англиялык команданын курамында калган голдорду Эллиот Андерсон менен Райан Шерки киргизишкен.

Үч турдан кийин «Манчестер Ситинин» куржунунда алты упай бар жана турнирдин жалпы таблицасында жетинчи орунду ээлеп турат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18