USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театрынын ноябрь айындагы репертуары

08:03, 19 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Ноябрь айыичинде көрүүчүлөрдүн назарына классикалык чыгармалардын негизинде коюлган спектаклдер, комедиялар, драмалар, жомоктор жана бир катар премьералар тартууланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Репертуарда Александр Пушкиндин повестинин негизинде коюлган «Пиковая дама», Михаил Зощенконун «Не может быть!», Антон Чеховдун «Три сестры», Михаил Булгаковдун романынын негизинде сахналаштырылган «Мастер и Маргарита» жана Николай Гоголдун чыгармалары боюнча коюлган «Мертвые души» менен «Вий» спектаклдери бар.

Ноябрь айында театр көрүүчүлөргө бир катар премьераларды сунуштайт. Алардын катарында «Мертвые души», «Три сестры», «Авва вместо sLOVE», «Мама», «Плохие парни» жана «Вий» спектаклдери бар.

Ошондой эле балдар үчүн «Иван да Марья», «Летучий корабль», «Как акуленок маму спас» жана «Мечта» жомоктору көрсөтүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18