USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бүгүн «Талас Арена» стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи өтөт

08:30, 02 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 2-ноябрдаТалас шаарында орун алган «Талас Арена» стадионунун салтанаттуу ачылыш аземиөтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Адылбек Касымалиев катышат. Азем футбол күйөрмандарын чогултуп, ата-мекендик эстрада жылдыздардын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот.

Андан кийин Жогорку лиганын 29-турунун алкагындагы «Талант» (Беш-Күнгөй айылы) — «Азия» (Талас шаары) клубдарынын беттеши менен уланат.

«Талас Арена» Талас шаарынын «Азия» футбол клубунун үй стадиону болот. 2026-жылдын башында негизделген клуб Талас облусунда футболду өнүктүрүүгө, жергиликтүү жаш футболчулардын дараметин ачууга жана аймактын футболдук аброюн көтөрүүгө өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, заманбап талаптарга жооп берген жаңы стадион 5000 ашуун көрүүчүгө ылайыкталган. Стадиондун негизги оюн талаасы табигый чөп менен жабдылып, анын айланасында чуркоо жолдору курулган. Ошондой эле стадионго караштуу аймакта жасалма чөп төшөлгөн машыгуу талаасы, үч кичи оюн аянтчалары, воркаут жана фудкорт аянтчалары жайгашкан.

Комплекстин аймагында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, унаа токтотуучу жай курулган. Үч кабаттуу трибуналардын алдында спортчулар үчүн кийим алмаштыруучу жана функционалдык бөлмөлөр, жатакана, тамактануучу жай, конференц-зал жана административдик бөлмөлөр, фитнесс-залы орун алды.

Мындан тышкары, VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, телеберүү адистери жана беттештин расмий өкүлдөрү үчүн атайын орундар каралып, VAR системасын орнотууга бардык шарттар түзүлдү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18