Бүгүн Табылды Актановдун «Барсбег» китебинин бет ачары өтөт
Бүгүн, 29-октябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, манасчы, төкмө акын, драматург, режиссер, театр жана кино актеру Табылды Актановдун «Барсбег» аттуу китебинин бет ачары өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бет ачар бүгүн 15:00дө Кыргыз улуттук «Манас» театрында болот.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулууда.
Китептин бет ачары окурмандарды чыгармачыл инсандын эмгеги менен тааныштырып, адабиятка жана улуттук руханий мураска кызыгууну арттырууга багытталган.