Бүгүн, 7-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, суу берүү саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо жана социалдык объектилеринде, ошондой эле өнөр жай ишканаларында токтотулат.
Суу убактылуу өчүрүлө турган аймак Чүй проспектиси, Ибраимов, Фрунзе жана Осмонкул көчөлөрү менен чектелет.
Мэриянын маалыматына ылайык, суу берүү диаметри 500 мм болгон суу түтүгүндө оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан, ошондой эле уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.