USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Болот Шамшиевдин элесине арналган кинофестиваль өтөт

08:03, 22 октября 2026, Бишкек - 24.kg

7–9-ноябрда Ош шаарында II Эл аралык илимий-популярдык жана агартуучулук «Сулайман-Тоо» кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3000 жылдык тарыхы бар Ош шаарында, ыйык Сулайман-Тоонун этегинде өтө турган фестиваль Кыргыз Республикасынын баатыры, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин жаркын элесине арналат.

Иш-чаранын негизги максаты — илимди, билимди, маданиятты жана искусствону кинематография аркылуу жайылтуу, илимий-популярдык жана агартуучулук тасмаларды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо болуп саналат.

Фестивалдын программасында конкурстук жана атайын көрсөтүүлөр, лекциялар, мастер-класстар, ошондой эле Болот Шамшиевдин тасмаларынын ретроспективасы каралган.

Белгилей кетсек, фестиваль Кинематография департаментинин, Ош шаарынын мэриясынын жана Ош мамлекеттик университетинин колдоосу менен уюштурулууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18