Бишкектин бир бөлүгүндө 22-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Чектөөлөр Шабдан Баатыр, Субан Ата, Анкара, Молдокулов, Ахунбаев, Куйручук, Курманжан Датка көчөлөрү, Чыгыш Чоң Чүй каналы (ЧЧК) жана Аламедин дарыясы менен чектелген аймактагы турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге жана башка объекттерге тиешелүү болот.

«Бишкексууканал» ишканасы суунун өчүрүлүшү «ХБО» суу топтогучунда жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлүүчү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу экенин түшүндүрдү.
Шаар тургундарынан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранышат.