USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкекте залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин айкели ачылат

11:06, 08 октября 2026, Бишкек - 24.kg

13-октябрында Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын эл артисти, залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин айкелинин ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Иш-чарада залкар манасчынын кыргыз маданиятына, анын ичинде «Манас» эпосун даңазалоого кошкон зор салымы белгиленип, анын чыгармачылык мурасы эскерилет.

839524905_2170983447164060_589148732072725018_n (2).jpg

Уркаш Мамбеталиевдин айкелинин орнотулушу залкар манасчынын кыргыз маданиятындагы ордун даңазалоого, анын өнөрүн кийинки муундарга жеткирүүгө жана чыгармачылык мурасын урматтоого багытталган.

Ачылыш аземине маданият жана искусство өкүлдөрү, манасчылар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18