USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

«Бишкек Арена» стадионунун ачылышы түз эфирде көрсөтүлөт

13:43, 05 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн «Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылыш аземи өтөт. Иш-чара УТРКнын бардык телеканалдарында түз эфирде көрсөтүлөт.

Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн майрамдык программа да даярдалган.

Азем саат 17:00дө башталат.

Кирүү акысыз, бирок алдын ала каттоодон өтүү талап кылынат. Билеттер GovTicket аркылуу таризделип, кирүү үчүн QR-код жана Face ID колдонулат. Жаш курактык чектөө — 7+.

Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, иш-чарага 65 миңге чейин көрүүчү катыша алат. Транспортко күтүлгөн күчөтүлгөн жүктөмгө байланыштуу борбордогу бир катар мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери аралыктан иштөө форматына өткөрүлдү.

Жаңы стадион буга чейин да ири иш-чараны кабыл алган: 31-августта бул жерде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтүп, ага 30 миңден ашык көрүүчү катышкан. Ошол эле учурда бийлик өкүлдөрү 31-августтагы иш-чара аренанын расмий ачылышы деп эсептелбей турганын өзүнчө баса белгилешкен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18