Азия оюндары аяктады: Кыргызстан 14 медаль утуп, 25-орунду ээледи
Кыргызстан курама командасы Япониянын Айти префектурасы жана Нагоя шаарында өткөн XX Азия оюндарында жалпы 14 медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 37 мамлекеттин арасынан 25-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Кыргызстандык спортчулар 1 алтын, 3 күмүш жана 10 коло медалга ээ болушту.
Алтын медаль ээси:
- Жоламан Шаршенбеков —грек-рим күрөшү (60 кг чейин)
Күмүш медаль ээлери:
- Эрлан Шеров —дзюдо (90 кг чейин)
- Денис Петрашов —сууда сүзүү
- Асан Жанышов —грек-рим күрөшү (87 кг чейин)
Коло медаль ээлери:
- Акжол Махмудов —грек-рим күрөшү (77 кг чейин)
- Мээрим Жуманазарова —кыз-келиндер күрөшү (68 кг чейин)
- Раззак Бейшекеев — грек-рим күрөшү (67 кг чейин)
- Кубанычбек Айбек уулу -кураш (66 кг чейин)
- Сыймык Жаныбек уулу — ММА (77 кг чейин)
- Дастан Каныбек уулу -ММА (60 кг чейин)
- Ырыскелди Дүйшеев — ММА (71 кг чейин)
- Малик Шаваев —эркин күрөш)86 кг чейин)
- Айпери Медет кызы -кыз-келиндер күрөшү (76 кг чейин)
- Абдурахман Муртазалиев —джиу-джитсу (85 кг чейин)
Медалдар эсебинин жеңүүчүсү Кытай болду, анын куржунунда 169 алтын, 89 күмүш жана 83 коло сыйлык бар — жалпысынан 341 медаль. Экинчи орунду Япония ээледи — 83 алтын, 95 күмүш жана 91 коло медаль (269).
Үчтүктү Түштүк Корея жыйынтыктады — 39 алтын, 43 күмүш жана 68 коло сыйлык (150).
Казакстан Азия оюндарында сегизинчи орунда аяктап, 84 сыйлык утуп алды — 12 алтын, 24 күмүш жана 48 коло медаль.
Өзбекстан — бешинчи, Тажикстан — 22-чи, Түркмөнстан — 31-чи орунда.
XX жайкы Азиат оюндары 2026-жылдын 19-сентябрынан 4-октябрына чейин Япониянын Айти префектурасында жана Нагоя шаарында өттү. Мелдешке 45 өлкөдөн 10 миңге жакын спортчу, ошондой эле качкындар командасы катышты. Спорттун 43 түрү боюнча жалпы 469 медаль комплекти ойнотулду.