USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Азия чемпионаты-2027: Футбол боюнча беттештин мөөнөтү жылдырылды

15:22, 03 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Сауд Арабиясында өтө турган футбол боюнча Азия кубогунун мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги бүгүн, 3-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, 2027-жылдын 7-январынан 5-февралына чейин өткөрүү пландалган турнир 2027-жылдын 23-декабрынан 2028-жылдын 21-январына чейин өтмөкчү.

Мындай чечимди Азия футбол конфедерациясынын Азия Кубогунун уюштуруу комитети жана Сауд Арабиясынын футбол федерациясы менен кеңири талкууларды жүргүзгөндөн кийин кабыл алынган. Буга аймактагы учурдагы өзгөчө кырдаал, анын ичинде олуттуу логистикалык кыйынчылыктар жана каттамдардын үзгүлтүккө учурашы сыяктуу жагдайлар себеп болгон. Эми турнирдин жаңы мөөнөттөрү бекитүү үчүн ФИФАга сунушталмакчы.

Белгилесек, бул континенталдык мелдешке Кыргызстандын улуттук курама командасы да катышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18