USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

«Алтын топ-2026»: Талапкерлердин жаңы рейтинги жарыяланды

07:55, 09 октября 2026, Бишкек - 24.kg

«Алтын топ-2026» талапкерлеринин жаңы рейтинги боюнча өзгөрүүлөр орун алды. The Independent басылмасы тарабынан жарыяланган рейтингге ылайык, «Барселонанын» 19 жаштагы испаниялык вингери Ламин Ямаль «Бавариянын» чабуулчусу Харри Кейнди биринчи орундан сүрүп чыгарды.

Учурдагы дүйнөнүн эң мыкты 10 футболчусунун тизмеси төмөнкүчө:

  • Ламин Ямаль («Барселона» / Испания)
  • Харри Кейн («Бавария» / Англия)
  • Килиан Мбаппе («Реал» Мадрид / Франция)
  • Родри («Барселона» / Испания)
  • Лионель Месси («Интер Майами» / Аргентина)
  • Усман Дембеле (ПСЖ / Франция)
  • Джуд Беллингем («Реал» Мадрид / Англия)
  • Эрлинг Холанд («Манчестер Сити» / Норвегия)
  • Майкл Олисе («Бавария» / Франция)
  • Пау Кубарси («Барселона» / Испания)

Эскерте кетсек, «Алтын топ» сыйлыгынтапшыруунун 70-мааракелик аземи 2026-жылдын 26-октябрында өтөт жана тарыхта биринчи жолу Париж шаарынан Лондонго жылдырылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18