USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Алтын топ-2026: Лионель Месси сыйлык тапшыруу аземине катышат

07:45, 13 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Америкалык «Интер Майаминин» аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси «Алтын топ»-2026 сыйлыгын тапшыруу аземине үй-бүлөсү менен чогуу катышат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

Livescore маалыматтарына караганда, 39 жаштагы футболчунун иш-чарага катышаары ырасталды.Салтанат 26-октябрда Лондондогу «Палладиум» театрында өтөт.

Месси клубдагы жана Аргентина курама командасыдагы жыйынтыгы боюнча сыйлыкка талапкер 30 оюнчунун тизмесине кирди. «Алтын топ»-2026га талапкерлердин арасында Килиан Мбаппе менен Ламин Ямаль да бар.

Басылма Мессинин үй-бүлөсү менен аземге келиши иш-чарага кошумча көңүл бурдуруп, аргентиналык футболчу «Алтын топту» канчалык жогору баалай турганын баса белгилейт. Ага ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгы кандай болбосун, анын катышуусу татаал жылдан кийин репутациясын калыбына келтирүүгө жардам берет жана жаңы муундагы жылдыздардын фонунда Мессинин дүйнөлүк футболдогу өзгөчө ордун эске салат.

Бул жылы сыйлык өзүнүн 70 жылдык мааракесин белгилөөдө, ал эми салтанат биринчи жолу Лондондо өтөт. Уюштуруучулар — France Football жана УЕФА — Англиянын борборун сыйлыктын биринчи ээси, аны 1956-жылы алган Стэнли Мэттьюздун урматына тандап алышкан.

Месси «Алтын топтордун» саны боюнча рекордсмен бойдон калууда. Аргентиналык футболчу бул сыйлыкты сегиз жолу жеңип алган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18