Алтын топ -2026: Бүгүн сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Ким алдыда?
Бүгүн, 26-октябрда Лондон шаарында 70-мааракелик 2026-жылдын «Алтын топ» сыйлыгын тапшыруу аземи «Палладиум» театрында өтөт.
Тарыхта биринчи жолу уюштуруучулар иш-чараны Париж шаарынан башка жакка көчүрүштү.
«Алтын топ» аземинин расмий бөлүгү Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.
2026-жылдагы «Алтын топко» негизги фаворит катары «Бавариянын» жана Англия курамасынын чабуулчусу Гарри Кейн эсептелет. Фавориттердин арасында экинчи орунда «Барселонанын» жана Испания курамасынын чабуулчу футболчусу Ламин Ямаль турат. негизги талапкерлердин үчтүгүн «Реалдын» жана Франция курамасынын форварды Килиан Мбаппе жыйынтыктайт.
Мүмкүнчүлүгү кыйла жогору бааланган дагы бир талапкер — Аргентина курамасы менен «Интер Майаминин» чабуулчусу Лионель Месси.
Кошумчалай кетсек, «Алтын топ» аземинде башка сыйлыктар да тапшырылат. Айрыкча дүйнөнүн мыкты дарбазачысына берилүүчү байге бар.