USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Алты жылда пландалган 715 айылдын 415и гана ичүүчү суу менен камсыздалды

12:42, 19 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Алты жылга эсептелген программанын алкагында 415 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Ош облусунун айылдарында суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу боюнча макулдашууну талкуулоодо депутат Нилуфар Алимжанова 2020–2026-жылдарга каралган программанын алкагында Кыргызстандын 715 айылы таза ичүүчү суу менен камсыз болушу керектигин белгиледи.

«Бул жылы программа аяктайт. Жыйынтыгында канча айыл суу менен камсыздалды?» — деп сурады эл өкүлү.

Айыл чарба министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору Зарылбек Каратаев бул программанын алкагында 715 айылдын 415и ичүүчү суу менен камсыздалганын билдирди.

«Ковид учурунда киргизилген абалга байланыштуу эки-үч жылды жоготуп алдык, материалдар кымбаттады. Ошондуктан биз 2026–2030-жылдарга карата жаңы программаны кабыл алып жатабыз. Учурда ал кароодо турат», — деди аткаминер.

Депутат жыйынтыгында программа аткарылбай калганын жана парламент ага терс баа бериши мүмкүн экенин белгиледи.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18