USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

ЖК депутаты Камила Талиева мандатын тапшыруу боюнча айың кептерди четке какты

14:02, 26 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутатыКамила Талиева депутаттык ыйгарым укуктарын тапшырууну пландап жатканы тууралуу маалыматка комментарий берди. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 26-ноябрда парламенттин жыйынында билдирди.

«Биз укуктук мамлекетте жашайбызбы же ушактардын мамлекетиндеби?» — деди депутат.

Анын айтымында, мандатын тапшыруу ниети тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Талиева такталбаган маалыматтардын таратылышына нааразы болуп, бул маалыматты тараткан кызматкер кызматынан бошотулганын белгиледи. Ал ушактарга ыкчам реакция жасаганы үчүн парламенттин төрагасына ыраазычылык билдирди.

Депутат текшерилбеген маалыматтарды жарыялоого жана адамды негизсиз ыңгайсыз абалга калтырууга болбостугун баса белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү басылмалар депутаттын мандатын тапшыруу үчүн арыз жазганы боюнча маалыматтар тарап жатканын жазышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18