USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Жол талашып мушташкан айдоочулар эми күбөлүктөрүнөн кол жуушу мүмкүн

14:40, 26 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары 26-ноябрда жолдогу мушташтар жана агрессивдүү жүрүм-турум үчүн айып пул салууну жана айдоочулук күбөлүктөн ажыратууну караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Бактыяр Калпаев акыркы убакта айдоочулардын агрессивдүү жүрүм-туруму көбөйгөнүн белгиледи. Мисал катары ал июль айында Ош облусунда болгон окуяны келтирип, анда жолдогу чыр-чатак учурунда бир айдоочу экинчисине бычак сайып жибергенин айтты.

Сунушталып жаткан түзөтүүлөргө ылайык, айдоочулардын жол кыймылы жүрүүчү жерлерде коопсуздукка коркунуч туудурган мушташтарга, чыр-чатактарга же башка агрессивдүү аракеттерге катышуусу 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу менен жазаланат.

Бир жылдын ичинде мыйзам бузуу кайталанса, айдоочу алты айга транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси болуп чыккан парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев анын максаты айып пул чогултуу эмес, жолдордо тартипти жогорулатуу экенин баса белгиледи.

Ал сунушталып жаткан ченемдер экинчи окууга чейин Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте кошумча изилденерин кошумчалады.

Төраганын орун басары Болот Ибрагимов мындай учурлар колдонуудагы мыйзамдар боюнча кандай квалификацияланарына кызыкты.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхождаев чыр-чатактын натыйжасында зыян келтирилбесе, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин автоээнбаштык же майда бейбаштык тууралуу беренеси колдонуларын түшүндүрдү. Эгерде жабыркагандар болсо же зыян келтирилсе, катышуучулардын аракеттери Кылмыш-жаза кодекси боюнча бейбаштык катары квалификацияланышы мүмкүн.

Болот Ибрагимов демилгени кошумча иштеп чыгууну жана сунушталган ченемдерди колдонуудагы беренелердин бирине киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18