ЖКда банктардын ипотекалык пайыз чендерин төмөндөтүү маселеси айтылды
Кыргызстанда коммерциялык банктар ипотекалык насыяларды жылдык 16–20 пайыз менен беришет, бул көптөгөн жарандар үчүн турак жай сатып алууну жеткиликсиз кылууда. Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Борбиев бүгүн парламенттин жыйынында ипотекалык чендерди төмөндөтүү маселесин көтөрдү.
Ал дагы көп кыргызстандыктар өз турак жайына ээ болушу үчүн ипотекалык насыяларды арзандатуу боюнча чараларды иштеп чыгууну июнь айында эле сунуштаганын эске салды.
Эл өкүлүнүн айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания жылдык 4, 6 жана 8 пайыз менен насыяларды сунуштайт, бирок турак жай алуу кезегинде он миңдеген жарандар турат. Ошол эле учурда мамлекеттик банктар да ипотеканы жылдык 16 пайыз менен беришет.
Болотбек Борбиев Улуттук банктын өкүлдөрүнөн коммерциялык банктардагы ипотека боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү үчүн кандай чаралар иштелип чыкканын сурады.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров ипотекалык насыялардын кымбаттыгы биринчи кезекте банктардын акча каражаттарын тартууга кеткен чыгымдарына байланыштуу экенин түшүндүрдү.
Анын айтымында, коммерциялык банктар калктын депозиттерин жылдык 13–15 пайыз менен тартып, ипотекалык насыяларды 16–20 пайыз менен беришет. Пайыздык ченге каржы мекемелеринин операциялык чыгымдары, анын ичинде кызматкерлердин эмгек акысы да кошулат.
Мамлекеттик банктар да калктын каражаттарын жылдык 12–14 пайыз менен тартышат, бул алар берген насыялардын наркына таасирин тийгизет.
Ошол эле учурда Улуттук банктын өкүлү акыркы жылдары банк секторунда атаандаштыктын күчөшүнүн фонунда насыялардын наркы акырындык менен төмөндөп жатканын белгиледи.
Соңунда парламентарий ипотекалык насыялар боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү тууралуу сунушту кайрадан карап чыгып, Жогорку Кеңешке жазуу жүзүндө жооп берүүнү өтүндү.