USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда зомбулукту алдын алуу боюнча 16 күндүк өнөктүк башталды

13:03, 25 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 25-ноябрдан тартып зомбулукту алдын алуу боюнча 16 күндүк өнөктүк башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы өнөктүктүн чордонунда — адилеттүүлүктү камсыз кылуу, жабырлануучуларды коргоо жана жазасыз калууга каршы күрөшүү маселелери турат.

«Парламент зомбулукка каршы көптөгөн мыйзамдарды кабыл алууда, бирок ошол эле учурда бул ченемдик-укуктук актылардын аткарылышына парламенттик көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин түшүнөбүз. Таластагы жакында болгон окуя жүрүм-турум маданияты жана жарандар арасындагы агрессияны азайтуу үстүндө дагы иштөө керектигин көрсөтүп турат», — деп кошумчалады Марлен Маматалиев.

Кыргызстандагы БУУнун өкүлчүлүгү да «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү иш-аракеттер» глобалдык өнөктүгүнө кошуларын белгиледи.

«Кыргызстандагы БУУнун бүткүл системасынын күч-аракеттерин бириктирүү менен биз зомбулук көйгөйү тууралуу айтып, аракеттерге чакырып жана ар бир аял менен кыздын коркуусуз жана зомбулуксуз жашоо укугун коргойбуз. Бул 16 күндүн ичинде жана өнөктүк аяктагандан кийин да күн сайын ушул жалпы максаттын үстүндө иштөөнү улантабыз», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18