Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы лауреаттары 11 номинация боюнча тандалат
Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаттары 11 номинация боюнча тандалат. Бул тууралуу сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиянын жыйынында белгилүү болду.
Жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаттарын аныктоого байланыштуу маселелер, ошондой эле конкурска сунушталган эмгектер жана Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын ар кандай чөйрөлөрдөгү жетишкендиктери каралды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов таланттуу жана демилгелүү жаштарды мамлекеттик колдоонун өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп, жаш муундун интеллектуалдык, чыгармачылык жана кесиптик потенциалын ачуу үчүн шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Маалымат үчүн:
Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы уюштурулган жана өлкөнүн таланттуу жаштарынын жетишкендиктерин мамлекеттик таануунун маанилүү формаларынын бири болуп саналат.
Жыйындын алкагында Комиссия мүчөлөрү сунушталган талапкерлерди, алардын кесиптик жетишкендиктерин, чыгармачыл эмгектерин жана тиешелүү тармактарды өнүктүрүүгө кошкон салымын талкуулашты.
Колдонуудагы Жобого ылайык, сыйлык үч жылда бир жолу 11 номинация боюнча ыйгарылат:
- Адабият жаатындагы эң мыкты чыгарма;
- Журналистика жана телевидение жаатындагы эң мыкты чыгарма;
- Музыкалык искусстводогу эң мыкты чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик;
- Сүрөт искусствосундагы эң мыкты чыгарма;
- Шаар куруу, архитектура жана дизайн жаатындагы эң мыкты ишке ашырылган долбоорлор;
- Театр жана цирк искусствосундагы эң мыкты чыгармалар;
- Кино жаатындагы эң мыкты жетишкендиктер;
- Илим, билим берүү жана жаңы технологиялар жаатындагы эң мыкты эмгектер;
- Экономика, бизнес жана меценаттык жаатындагы эң мыкты жетишкендиктер;
- Спорт жаатындагы эң мыкты жетишкендиктер;
- Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салым.